Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Арак бир гана денеге зыян эмес, ал үйдүн духун сындырат

Арак бир гана денеге зыян эмес, ал үйдүн духун сындырат

27-май, 22:40
884 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Көпчүлүк үчүн баары жөнөкөй эле башталат. Бирок акырында эс алуу эмес, үй-бүлөнү жоготуу менен бүтүшү мүмкүн.

Сен ичип жатканда: уулуң өзүн күнөөлүү сезет. Кызың ичкич эркектерди нормалдуу катары кабыл алат. Аялың кыялдарынан баш тартат, ичинен чөгөт. Арак бир гана денеге зыян эмес, ал үйдүн духун сындырат. Тынчтык кетет. Балдар үн катпай калат. Үй-бүлөдө сүйүү ордуна коркуу жашай баштайт.

Изилдөөлөр эмне дейт?

-- ВОЗ: дүйнөдө ар бир 4-баланын бири ичкич үй-бүлөдө чоңоёт.

-- Harvard University: ичкич ата-эненин балдарында депрессия, суицид жана агрессия 2,5 эсе көп катталат.

-- The Lancet (2018): алкоголду дүйнөдөгү эң зыяндуу зат деп тааныган.

-- NIAAA (АКШ): үй-бүлөлүк зомбулуктардын 55-70%ы алкоголь менен байланышкан.

Арак акырындык менен сенден ден соолукту, урмат-сыйыңды, үй-бүлөңдү тартып алат. Бирок, токтогон күнү үмүт кайра кайтып келет. Үй кайра тынчып, балаңдын жылмайганычы... Жубайың ишенип карай баштайт. Баш тартуу алсыздык эмес, бул чоң күч. Ичпей жашоо – бул сүйүүңдү далилдөө. Айыгуу – бул жаңыдан үй-бүлөң менен бирге жаңы жашоо баштоо.

Эгер бул постту ушул жерде окуп жатсаң, бул жөн эле сөз эмес. Бул сага белги болушу мүмкүн. Эртең эмес, бүгүн башта!   


Эрмек Исмаилов

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер