Күнүнө 2/3 бөлүк убактысын жеке өзүнө бөлө албаса, анда ал кул
Акылдуу адамды жумушка алып, кайра эмне кылуу керек экенин үйрөтүү – болбогон нерсе. Акылдуу адамдар бизге үйрөтсүн деп жумушка алабыз.
(Стив Жобс)
***
Жумушунун жыйынтыгын дароо көргүсү келгендер өтүкчү болуш керек.
(Альберт Эйнштейн)
***
Ар дайым татаал жолду тандагыла, жолдон бир да атаандаш жолуктурбайсыңар.
(Шарль де Голль)
***
Кечигип чыгарган туура чечим ката болуп эсептелет.
(Ли Якокка)
***
Эгерде билим алуу кымбат деп ойлосоңуз, анда билимсиздик канча турарын карап көрүңүз.
(Роберт Кийосаки)
***
Эгерде жалгыз максатыңыз бай болуу болсо, анда эч качан жетпейсиз.
(Жон Девисон Рокфеллер)
***
Иштеп атам деп айтпай эле кой, эмне иштеп тапканыңды көрсөтчү?
(Томас Роберт Дьюар)
***
Ким бир күн кечке иштесе, акча тапканга убактысы жок.
***
Ийгиликтин рецеби: башкалар уктап жатканда окуңуз; башкалар бош жүргөндө иштеңиз; башкалар ойноп жатканда даярданыңыз; башкалар жөн эле кааласа сиз кыялданыңыз.
(Уильям А. Уард)
***
20% адам 80% жумушту аткарары илгертен белгилүү. Жакында 80% адам ошол 20%га кирем деп ойлоору белгилүү болду.
(Белгисиз автор)
***
Максатыңыз кандай гана болбосун, аракет кылып гана жетесиз.
(Опра Уинфри)
***
Өзүм 100% иштегенге караганда, 100 адамдын 1% иштегенинен киреше алгым келет.
(Жон Девисон Рокфеллер)
***
Күнүнө 2/3 бөлүк убактысын жеке өзүнө бөлө албаса, анда ал кул.
(Фридрих Ницше)
"Азия Ньюс" гезити