Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Позитивдүү маанайды кантип чакырабыз?

Позитивдүү маанайды кантип чакырабыз?

20-июнь, 22:47
3 483 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүн биз сиздерге жаркын маанайды кантип көтөрүү боюнча кеңештер менен бөлүшөбүз.

1. Позитивдүү маанай

Мотивацияда маанайдын көтөрүңкү болуусу абдан маанилүү. Анткени, позитивдүү адамдар үчүн бир ишти баштап кетүү оңой. Жашоонун кандай гана кыйынчылыктары болбосун, аны жеңе билүү жаркын маанайда жүргөн адамдарга оңой болот.

2. Өзүңүзгө жаккан жумушту аткаруу

Адам качан өзүнө жаккан жумушту аткарганда гана бактылуу боло алат. Себеби, сизге жакпаган ишти аркалап жүрүп, күндүн кандай өткөнүн деле баамдабай каласыз.

3. Багытты алмаштыруу

Айрым учурда сиз өзүңүзгө жаккан жумушту аркалап жатсаңыз дагы, кандайдыр бир позитивдүү маанай жетишпеген сыяктанат. Мындай учурда жумуш ордуңузду алмаштырып, жашооңузга түстүү боёкторду киргизгениңиз оң.

4. Спорт менен машыгыңыз

Спорт менен машыккан кезде денеңизден эндорфин гормону өндүрүлүп чыгат. Эгерде сиз өзүңүздү начар сезип жатсаңыз, адистер чуркоону сунуш кылат.

5. Мотивация берүүчү кинолорду көрүңүз

Биздин жашоодо кинолордун орду чоң. Ал сыяктуу мотивация бере турган кинолорду көп көрсөңүз, алардан өзүңүзгө керектүү энергия алууга жетишесиз.

6. Табигат менен тыгыз мамиледе болуңуз

Негизи эле таза абада сейилдөө, басуу абдан пайдалуу. Анткени табигат биздин маанайды көтөрүп, ден соолугубузду бекемдөөгө жардам берет. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер