Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Уулума айткым келген 48 эреже

Уулума айткым келген 48 эреже

14-июнь, 17:12
3 992 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

1. Бул жашоо сыноолордон турат, сынактан өзүңдү сындырба. 

2. Кандай кыйынчылык болбосун, сабыр кыл. Сабыр кылсаң сен баарын жеңип чыгасың. 

3. Сен да чоңоёсуң, келечекте сени сүйүнүч, көз жаш, өйдө-ылдый тагдыр күтөт. Бул сени коркутуу эмес, “бардыгына даяр бол” деген сөз.

4. Билип жүр: бул дүйнөдө сага эң жакын адам: Эне! Эне! Эне! Андан кийин Ата. 

5. Бир нерсени баштардан мурда, же сапарга чыгардан мурда, биринчи ата-энеңден бата ал. Ошондо сенин жолуң ачык, шыдыр болот. 

6. Канчалык бизден алыс жакка барсаң да, мен сени үйдө күтөм. 

7. Туугандарың менен эч качан мамилени үзбө.

8. Кошуналар менен жакшы мамиледе бол. 

9. Картаң апалардын, аксакал аталардын сөздөрүн көп ук. Алардын сөзүндө бир кылымдык алтын насаат жатат. 

10. Улуулар менен мойнуңду ийип учурашып жүр. 

11. Тышкы келбет, байлык жана буюм сени эч качан бактылуу кылбайт. 

12. Бактылуукту көчөдөн эмес, үй-бүлөдөн изде. 

13. Өзүңдүн карындаш, эжеңе каалабаган нерсени башка бирөөнүн кызына да каалаба. 

14. Эркек болсоң да намысыңды бек сакта. 

15. Айымдар бузукулук кылыш үчүн жаралган эмес, тескерисинче, күнөө иштерден сактаныш үчүн жаралган. Ошондуктан никесиз аларга жолобо. 

16. Бирөөнүн убалына кала көрбө. 

17. Муктаж адамдан өзүңдүн жардамыңды аяба. Анын жашоосун бул дүйнөдөн жеңилдетсең, ал сенин акыбалыңды о дүйнөдөн жеңилдетет. 

18. Бирөөгө жардам бер, бирок милдет кылба.

19. Эч качан жалган айтпа. 

20. Адилеттүү жана жоопкерчиликтүү бол. 

21. Күнөөсү жок адамды күнөөлөгөндөн корк, анткени Аллах аны менен. 

22. Роббиңди жана пайгамбарды тааный бил, динди жакшы өздөштүрө бил. 

23. Ислам дини – эрежелерден турат. Эреже менен жашасаң, күнөөсүз да, катасыз да болот. 

24. Намазыңа бекем бол. Намаз сени тазалыкка көндүрөт жана убакытыңды туура колдонгонго үйрөтөт. 

25. Куран жана сүннөттүн жолунда болсоң, анда эч качан адашпайсың. 

26. Дайыма жакшы ниетте бол. Ниетиң жакшы болсо, амалдарың да жакшы болот. 

27. Чечкиндүү бол. Улуулардан кеңеш ал, бирок, чечимди өзүң чыгар. 

28. Кандай чечим чыгарсаң да, мен сени колдойм. Туура эмес чечим – бул сенин катаң. А туура чечим – бул сенин ийгилигиң. 

29. Ката кетирүүдөн коркпо. Катаңды кайталагандан корк.

30. Мээнетчил бол. Ар бир жумуштун майын чыгара жаса. 

31. Спорт менен машык, ден соолугуңду кара. 

32. Өзүңө ишен. Сен күчтүүсүң, колуңдан баары келет. 

33. Билип жүр, сен өзүң ойлогондон да көп нерсеге шыктуусуң.

34. Сенин күчүң бирөөнү коркутууга же күчүңдү бирөөгө көрсөтүүгө берилген эмес. Күчүңдү туура жакка колдоно бил. 

35. Керсейип, тырышып, төшүңдү көтөрүп, жерди чукуй баспа. Үстүбүздө Алла Таала турат.

36. Бул дүйнө – кайтар дүйнө. Жакшылыгың да, жамандыгың да өзүңө кайра кайтып келет. 

37. Ичкилик, баңгизат, уурулук, зынаа дегендерден алыс бол. 

38. Убактыңды өз пайдаң үчүн өткөрбөсөң, анда ал убакыт өз зыяның үчүн өтөт. 

39. Билип жүр: алдыга койгон максатыңа умтулбасаң, анда бузукулук жерде убактылуу арам бактылуулукка умтуласың.

40. Алдыга койгон чоң максаттарың болсо, мага айт. Ал максаттарга сени жеткиргенге дайыма даярмын. 

41. Досторуңду туура танда. 

42. Сени жаманга чакырган достордон эч бир жакшылык күтпө.

43. Кечирим суроо – бул алсыздык эмес.

44. Мен сенин бардык катачылыктарыңды кечирүүгө даярмын.

45. Мен дагы баардык адамдардан алдыда болгум келет. Эгерде кимдир бирөө менден ашып кетсе, анда ошол адам сен болушуңду каалайм. 

46. Келечекте сенин бай болушуңду, элге таанымал болушуңду эмес, бактылуу болушуңду каалайм. 

47. Сенин келечегиң мени абдан ойлондурат. 

48. Ушул айткандарымды азыртадан өз парзыңдай аткара бер. Эмнеге аткарышың керек экендигин кийинчерээк өзүң түшүнөрсүң.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер