Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айзар Акматов: “Дарбазачы болууну күткөн эмесмин...”

Айзар Акматов: “Дарбазачы болууну күткөн эмесмин...”

13-июнь, 20:01
2 394 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Монголия менен болгон мелдеште футбол боюнча курама команданын коргоочусу Айзар Акматов башмашыктыруучу Владимир Крестининдин чечим менен дарбазачы болуп ойноду. 

-- Айзар, улуттук курамдын дарбазачысы болоруңду күттүң беле?

-- Чынын айтсам, күтүүсүз болду. Биздин дарбазачылар Валерий Кашуба, Кутман Кадырбеков жана Эржан Токатаевди ойногонго уруксат беришкен жок. ПЦР анализи күмөндүү дешип. Мелдеш болор алдындагы 20 мүнөттүк машыгууда эле “дарбазачы ким болот?” болуп, мага токтолушту. Ойлонгонго убакыт болгон жок. 

-- Мурун дарбазага туруп ойноп көрдүң беле?

-- Жоопкерчиликтүү мелдештерде бир да жолу ойногон эмесмин. Мурун бир-эки жолу машыгуу учурунда дарбазага тургам. Анча деле тажрыйбам жок болчу. Асмандан түшкөн чагылгандай эле болду. Артка жол жок эле. Мурун кол менен ойноп көрбөгөн жаным биринчи жолу кол менен футбол ойнодум. Кызык эле иш болду. Өзүмдү көрсөтө алган жокмун... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер