Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жубайларга психологдон маанилүү кеңештер

Жубайларга психологдон маанилүү кеңештер

13-июнь, 19:38
671 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

1. Ортодо сүйүү болсо, далдалчысыз жашоо артык.

2. Үй-бүлөдө болуп жаткан майда-чүйдө жагымсыздыктарды, араздашууну айланадагыларга, алтургай курбу-доско да айта бербеңиздер. Ээнооздор баардык жерде сиздердин маселени талкуулай бергенине мүмкүнчүлүк бергенде байкалбаган менен терс таасири көп.

3. Ар бир үйдүн башкаларга ачык айтпаган ички мыйзамдары болот. Мындай учурду эске алганда, керек болсо ата-эненин, бир туугандардын кеңеши да туура эмес болуп калышы ыктымал. Андан көрө жубайлар өзүнчө бөлүнүп, абалды териштирип, бири ыкка көнүп, же унчукпай, жагдайды ырбатпай коюуга болот.

4. Үй-бүлөлүк жыйында алдыда аткарыла турган иштер, жашоо графиги, үй-бүлө мүчөлөрүнүн кызматы же тапшырмасы так көрсөтүлгөн учурда кыйын кырдаал аз болот.

5. Жубайлардын экөө тең кандай кырдаал жаралбасын, же ким күнөөлүү болбосун, компромисске барууга ыктаганы оң. Бул актуалдуу чечим.

6. Катаны, кемчиликти моюнга алууну үйрөнүү кажет. Урушта эки тарап тең күнөөлүү: бири туура эмес айтса, экинчиси туура эмес түшүндү дегендей…

7. Кез-кезде күндөлүк түйшүктү унутуп, романтикалуу жагдайда чогуу болгула.

8. Элдешүүгө болбой жатса, дароо ажырашуу чечимин кабыл албай, убактылуу бири-бирин көрбөй бөлөк жашоо, бири-биринен эс алуу дагы жаңы сезимдердин ойгонушуна түрткү болот. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:



Тектеш материалдар:

Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
“Казакстанда коронавирус катталды” деген билдирүү тарап жатат
(Видео) Индиядан келген дааватчылар милицияга баш ийбей коюшкан
“30-апрелде карантин токтосо, 100 миңдеген адамдардын өмүрүнө коркунуч келтиребиз”
(Видео) Садыр Жапаров кудаларына тебетей тараткан тасма тарады
Калдарбек Абдраманов: “Эч кандай экинчи-үчүнчү толкун жок, болбойт дагы!”
(Видео) Президенттикке талапкер Клара Сооронкулованын ичип, чеккени бузулганыбы?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер