Акыркы кабарлар
» Кеменгер кеп » Айымдар жашоодо позитивдүү, күчтүү мырзаларды издешет
Айымдар жашоодо позитивдүү, күчтүү мырзаларды издешет
06-июнь, 13:05
1 708 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Аял эркектин өзүнө караганда күчтүү, акылдуу, чечкиндүү болушун каалайт.
***
Аялдар эркектен даанышмандуулукту издейт.
***
Күчтүү эркектин жанында аял тынчтанат, эс алат жана өзүн коопсуз сезет.
***
Аял күчтүү адамдын жанында өзүн алсыз сезгиси келет жана дайыма алсыз, назик болгон затты бирөө коргоп туруусун издейт.
***
Аял эркектен тунук сүйүүнү издейт.
***
Көпчүлүк аялдар позитивдүү эркекти издешет. Аял үчүн эркектин позитивдүү болуусу өтө маанилүү, анткени аял мезгил-мезгили менен депрессияга түшүп турат.
***
Аялдар эркектен жылуу сөз издешет. “Жылуу сөз жыланды ийинден чыгарат” демекчи, ар дайым жакшы сөздү, эркелетүүчү эркекти издеп келишет.
"Азия Ньюс" гезити