Үй тиричилигине керектүү кеңештер
1. Эгерде сиздин кийимиңиздин бир жери так болуп калса, анда пияз сизге жардамга келет. Болгону так болгон жерге пияздын ширесин 24 саат бою куюп койгон жетиштүү.
2. Тоңдурулган жемишиңиз дагы да узак убакытка сакталсын десеңиз, анын түбүндөгү кагазды бат-баттан алмаштырып туруңуз.
3. Лимондун кабыгын ыргытпаңыз. Лимондун кабыгын идиш жууп жатканда чогуу колдонсоңуз, идишиңизди агартып, сонун кылып коёт.
4. Алтын шакегиңизди агарта албай жатасызбы? Анда аны идиш жууган каражаттан бир эки тамчы куюп, 15 мүнөт сууга салып койгон жетиштүү. Кийин аны кургак сүлгү менен аарчып, жалтыратып аласыз.
5. Жаңы алган джинсы шымыңыздын өңү өчпөшүн кааласаңыз, аны туздуу сууга салып коюңуз.
6. Күрүчтүн эзилбей бышуусу үчүн аны сууга чылап жатканда лимон кычкылынан үч тамчы кошуп коюңуз.
"Азия Ньюс" гезити