Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жазгы авитаминоз учурунда редиска табылгыс азык катары саналат

Жазгы авитаминоз учурунда редиска табылгыс азык катары саналат

30-апрель, 20:35
682 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Редисканын курамында кант, фермент, май, салицил кычкылы, С, В6, В1, В2, РР, А витаминдери, туз жана калий, магний, фосфор, натрий, кальций, темир, фтор элементтери бар. Ошондой эле курамында канды суюлтуучу зат болгондуктан, инсульт, варикоз, атеросклероз оорусунда колдонушат. Мындан тышкары, анын курамындагы фитонцид суук тийгенди, сасык тумоону айыктыруучу касиетке ээ. Редисканын жалбырагы, сабагы да пайдалуу. Анын жалбырагы менен сабагын салаттарга ашкөк катары майда туурап кошуп койсоңуз, өзгөчө даам берет.

***

Ич катканда: 1 аш кашык чыга тургандай кылып редисканын жалбырагын майда туурап аласыз да, ага 1 стакан кайнак сууну куюп, 20 мүнөт демдеп коёсуз. Даяр болгон тундурманы тамактангандан жарым сааттан кийин бир күндө 3 жолу 3 аш кашыктан ичип турасыз.

***

Буттагы жагымсыз жытты кетирүүдө 5-6 даана редисканын жалбырагына 1 литр кайнак суу куюп, 15-20 мүнөт демдеп коёсуз. Тундурма сууп калганда ага бутуңузду салып отурасыз. Бул ыкманы буттун тердегени кетмейинче күн сайын жасай бересиз.

***

Заара ушата албай жатканда 30 миллиграмм редисканын ширесине 50 миллиграмм табигый таза кызыл шарап менен 20 миллиграмм кайнатылган жылуу сууну кошуп, эртең менен жана жатар алдында 10 күн удаа ичүү керек. Ушул эле ыкма менен боордогу жана бөйрөктөгү таштарды тазалоого болот.

***

Ангинада 1 стакан редисканын ширесине 1 стакан кайнатылган сууну аралаштырып, үч маал тамакты чайкоо сунушталат. Үч күндөн кийин дарылоо өз натыйжасын берип, тамактын оорусу басылат.

***

Авитаминоз оорусунда 50 миллиграмм редисканын ширесине 100 миллиграмм сабиздин ширесин аралаштырып, күнүгө эртең менен бир ай ичүү керек. Гастрит, ашказанында жарасы барлар жана богок оорусуна чалдыккандар көп жебеши шарт.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер