Джек Ма: “Дүйнө үчүн куру сөздөрүң эмес, жасаган иштериң маанилүү”
Джек Ма – белгилүү кытай миллиардери. Бүгүн аны билбеген адам жок окшойт. Бирок, акчага байланыштуу айткан кеңештерин көпчүлүк биле бербеши мүмкүн.
Мыкты адамды эмес, туура адамды издеңиз.
Сенин сөздөрүң дүйнө үчүн маанилүү эмес, иштериң маанилүү.
Жумуш бар жерде мүмкүнчүлүк бар.
Эгер сиз буга чейин эч качан аракет кылбасаңыз, ал иштин мүмкүн эмес экендигин кантип билесиз?
30 жашка чейин чакан компанияда иштеп, адистерден тажрыйба топтоп жана кыялданганды үйрөнүңүз.
35 жашка жеткенде дагы кедей болсоңуз, анда сиз буга татыктуусуз.
Эч качан багынбаңыз, бүгүн кыйын, эртең андан да оор болот, анын эртеси күн булуттардын артынан чыгат.
Атаандаштардан кабатыр болбоңуз, керектөөчүлөргө көңүл буруңуз.
Биринчи орунда – керектөөчүлөр, экинчи орунда – өнөктөштөр, үчүнчү орунда –акционерлер турушу керек.
Эгерде атаандашыңыз сизден күчтүү болсо, коркпоңуз, алсыз болсо дагы, ага бирдей мамиле жасаңыз.
Эгерде сиз айланаңыздагы адамдардын бардыгын душман катары карасаңыз, алар чын эле сиздин душманыңызга айланышат.
Чыныгы бизнес ээси душман болбойт. Муну түшүнгөн учурдан тартып, сени эч ким токтото албайт.
Акылсыздар сүйлөө үчүн ооздорун колдонушат, акылдуу адамдар баштары менен сүйлөшөт, ал эми даанышмандар жүрөктүн сөздөрүн гана сүйлөшөт.
"Азия Ньюс" гезити