Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коронавируска каршы эмне кылуу керек?

Коронавируска каршы эмне кылуу керек?

04-май, 20:13
522 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Алдын алалы, сактаналы!

Армавирдин башкы дарыгери Василий Казминин билдирүүсү: 

Элдин баары ковид менен ооруп чыкканда гана эпидемия токтойт. Табигый тандалуу бар. Карылар менен оорулуулардын көбү каза болуп, ден соолугу чың адамдар гана калат. Ошол себептен, эгер сиз тирүү калгыңыз келсе, алдын алуу иштерин жүргүзүңүз. 

Мүмкүн болсо, кычкылтек көбүрөөк жерде, таза абада болууга аракет кылыңыз. Карагай токойлору өзгөчө пайдалуу. Лимон жана имбирь чайын ичүү керек. Итмурундун курамында С витамини көп. Декабрь-январь айларында кызыл карагайдын бутактарында С витамини эң көп топтолот. Ошондой эле Д витаминин ичүү керек, рационго ар дайым Д витаминине бай балыкты кошуңуз же балык майын сатып алыңыз. Ошондо сиз ковидди оңой эле өткөрүп жибере аласыз.

1. Коронавирус менен бир нече ай же бир нече жыл жашасак болот. Муну четке какпайлы же дүрбөлөңгө түшпөйлү. Жашообузду текке кетирбейли. Келгиле, ушул чындык менен жашоону үйрөнөлү.

2. Ашыкча беткап жана колкап кийүү туура эмес.

3. Колуңузду тез-тез жууп туруу жана физикалык эки метр аралыкты сактоо – сизди коргоонун мыкты жолу.

4. Эгерде үйүңүздө коронавирустук бейтап болбосо, анда үйдү дезинфекциялоонун кажети жок.

5. Супермаркеттен соода кылуу, тамак-аш таңгактары, май куюучу жайлар, соода арабалары жана банкоматтар оору таратууну шарттабайт. Колуңузду жууп, кадимкидей жашаңыз.

6. Коронавирус тамак аркылуу жугуучу инфекция эмес. Оору сасык тумоо сыяктуу жугуштуу илдет.

7. Көптөгөн аллергия жана вирустук инфекциялар менен жыт сезүү сезимиңизди жоготосуз. Бул коронавирустун спецификалык эмес симптому.

8. Үйгө жеткенде дароо кийим алмаштырып, душка түшүүнүн кажети жок.

9. Коронавирус абада илинбейт. Бул тыгыз байланышты талап кылган респиратордук тамчы инфекциясы.

10. Физикалык аралыкты сактоо менен сейил бактарда эс алууга болот.

11. Коронавируска каршы, бактерияга каршы эмес кадимки самынды колдонуу жетиштүү. Бул бактерия эмес, вирус.

12. Тамак-ашка болгон буюртма жөнүндө тынчсыздануунун кажети жок. Кааласаңыз, аны микротолкундуу мешке ысытсаңыз болот.

13. Коронавирусту үйгө бут кийим менен алып келүү мүмкүнчүлүгү күнүнө эки жолу чагылган түшкөндөй! Мен 20 жылдан бери вируска каршы иштеп келем.

14. Уксус, камыш канты жана имбирди ичүү менен өзүңүздү вирустан коргой албайсыз. Бул дарылоо үчүн эмес, иммунитет үчүн.

15. Беткапты көпкө кийүү дем алууңузга жана кычкылтек деңгээлине терс таасирин тийгизет. Элдин арасында беткап кийип эле коюңуз, ошол жетиштүү.

16. Колкап кийүү дагы жаман идея. Вирус колкап менен чогулуп, бетке тийгенде оңой эле жайылып кетиши мүмкүн. Эң жакшысы, колуңузду дайыма жууп туруңуз.

17. Стерилдүү чөйрөдө туруктуу болуу коопсуздукту төмөндөтөт. Сураныч, иммунитетти көтөрүүчү тамактарды жесеңиз дагы, сейил бакка жана пляжга барып туруңуз. Корона вирусу менен жашоону үйрөнүшүбүз керек.


Беткаптардын кандай кооптуулугу бар?

Беткапты чектелген убакытка чейин колдонуу керек. Эгер сиз аны көпкө кийсеңиз:

а) кандын курамындагы кычкылтекти азайтат;

б) мээге кычкылтек жеткирүү азаят;

в) өзүңүздү алсыз сезесиз;

г) бул өлүмгө алып келиши мүмкүн.


Беткап тууралуу кеңештер

Машиналарда беткап кийген адамдарды көп көрөм. Бул – сабатсыздык!

а) үйдө колдонбоңуз;

бэл көп топтолгон жерде бир же бир нече адам менен тыгыз байланышта гана колдонуңуз;

в) узак карантин учурунда аны колдонууну азайтыңыз.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер