Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кандай адамдар бактылуу? Бактылуулуктун сырлары...

Кандай адамдар бактылуу? Бактылуулуктун сырлары...

03-май, 22:10
2 017 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ички жандүйнөсүн уга билет

Айланасы шайыр болгон адамдар бактылуу болуп, алардын кыял-сапаттары дагы жугуштуу болуп саналат. Жаркыраган жаз күнүндө сүйүктүү досторубуз менен убакыт өткөрүү кандай гана сонун! А бирок бул сезимдер биздин бактылуу болушубузга жетиштүүбү? Ал үчүн айлана-чөйрөбүздөгү адамдар менен куруп жаткан мамилебизге анализ жүргүзүүбүз керек. Буга кошумча өзүбүзгө убакыт таап, ички жандүйнөбүздү да уга билүүбүз кажет.

Ийилчээк болушат

Бактылуу адамдар жаман нерсеге кабылганда бат эле өзүнө келе алышат. Демек, алар өздөрүн депрессияга кирүүгө жол бербейт дегенди билдирет. Адамдардын ийилчээк болуусу – бул алардын тээ балалыктан калган сапаттардын катарына кирет. Бир нерсени аткаруу үчүн так, дал ошол нерсени жасоону каалап жатканыңызды аныктап алууңуз керек. Аларды жасоодо бизди жогору жана төмөн тарткан ички туйгуларыбызды аңдап билип алалы. Мында бизди жогору түрткөн ички туюмду сезе билсек, анда ишибиз алдыга карай жүргөн болот.

Айлана-чөйрөсүнө жардам берет

Бактылуу адамдар убактысынын бир бөлүгүн муктаждарга кол сунуп жардам берүүгө, айлана-чөйрөдөгү адамдарга жардам берүүгө умтулат. Жардам берүү – бул өзүнө-өзү ырахат алган иштин катарын толуктайт. Бул жумушту аткаруу менен сиз өзүңүзгө болгон ишенимди арттырууга жол ачкан болосуз. Эң алгач өзүңүзгө болгон муктаждыгыңызды бүтүрүп, андан соң айланадагы адамдарга жардам берүүгө кол сунуу керек.

Өздөрүнө убакыт бөлөт

Бактылуу адамдар стресстен өздөрүн арылтуу жолдорун билет. Алар медитация жасап, кыялданып, ойлорун топтоп, жыйынтыктап, стресстен арылуу жолун табышат.

Руханий байлыкка көңүл бөлүшөт

Бактылуу адамдар дуба кылып, медитация жасап, өздөрүнүн руханий байлыгын толуктайт. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер