Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ушактан сак болуңуз, көп кесепеттери бар

Ушактан сак болуңуз, көп кесепеттери бар

25-апрель, 23:29
1 621 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жашы өтүп калган эле киши кошуна жигитти “ууру” деп ушак тарката берет экен. Анан ал жигитти шектүү катары кармашып, кайра бир канча күндөн кийин кылмыш кылбаганы аныкталып, үйүнө чыгып келет. Аябай ачуусу келген жигит кошунасын жалган жалаа жапканы үчүн сотко берет. Сотто тиги киши “эми бул жөн эле сөз да. Жөн эле айтып койгом. Эч кимге жамандык кылайын деген оюм жок” деп актанат. Сот ал аксакал кишиге “сиз азыр отуруп, бул жигит жөнүндө эмне айтып жүргөнүңүздүн баарын кагазга жазып, машинада баратканда майдалап жыртып, терезеден ыргытып жибериңиз. Эртең кайра сотко келиңиз. Анан чечим чыгарам” дейт. Эртеси келгенде “эми барып, кечээки жартып ыргытылган кагаздын баарын бирден таап келиңиз” дегенде, тиги киши ыйлагыдай болуп, “алардын баарын кайдан табам? Шамал учуруп кетпедиби!” дейт. Анда сот “дал ошол кагаздын жыртылган бөлүктөрүндөй тарап кеткен ушак, жалган жалаа да адамдын беделине доо кетирип, жашоосун кайра калыбына келбей турган кылып бузуп коёрун эстен чыгарбоо керек!” деген экен.

Ушакчы – уурудан да жаман. Себеби ал адамдын кадыр-баркын, ар-намысын уурдайт. Ошон үчүн ар дайым өз сөзүбүздүн кулу эмес, ээси болуубуз керек. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер