Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жолдоштор, мекен жөнүндө ойлонгула, ошондо кайратыңардан жазбайсыңар

Жолдоштор, мекен жөнүндө ойлонгула, ошондо кайратыңардан жазбайсыңар

24-март, 19:29
1 086 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Тынч жаткан кошунасына кол салса, согуш – жапайчылык. Мекенин коргосо – бул ыйык милдет.

(Ги-де Моппасан)


О, мекеним, мен сага жеңиш алып келчү жалаңдаган кылычмын.

(Гарегин Нжде)


Мен силерден “мекениңер үчүн өлгүлө” деп суранбайм. Бирок, фронттун ары жагындагы айбандар өз мекени үчүн өлгөндөй кылгыла.

(Джордж Паттон)


Мекенге болгон сүйүү – цивилдүү кишинин биринчи сапаты.

(Наполеон I Бонапарт)


Бийликке оппозицияда болсоң болот, бирок мекенге, элге, адеп-ахлакка жана бийик идеалдарга оппозицияда боло албайсың.

(Гейдар Алиев)


Силер мен үчүн эмес мекен үчүн согушуп жатасыңар, мен силердей эле жоокермин.

(Александр Колчак)


Даңктуу өлүмдөн коркпош керек. Мекен үчүн курман болуу – жашоону туюндурат.

(Фидель Кастро)


Мекенге болгон сүйүү үй-бүлөдөн башталат.

(Френсис Бекон)


Патриоттор мекенин үч эсе кымбат сатып, арзанга сатып алышат.

(Геннадий МОСКВИН)


Мекенди сүйүүдө чек ара болбойт.

(Станислав Ежи Лец)


Мекениди коргоо – маданиятты коргоо дегендик.

(Николай Рерих)


Мекенди арзанга сатпагыла. Сатып алып коюшат.

(Геннадий МОСКВИН)


Эң чоң пил мекенин унчукпай сагынат, эң кичине акын мекенин угуза сагынат.

(Дон-Аминадо)


Мекенди сүйбөй жашагандан көрө, мекенди сагынып өлгөн жакшы.

(Вадим Делоне)


Биз мекенди алмаштыра албайбыз. Ошондуктан, келгиле, теманы алмаштыралы.

(Джеймс Джойс, “Улисс”)


Мекендин жаратын ар бирибиз жүрөгүбүз менен сезебиз.

(Виктор Гюго)


Мекенин жоготкон – баарын жоготот.

(Абхаз накылы)


Мекенчилдик – бул имитация да, мода да, милдет да эмес, ал жандүйнөңдүн абалы.

(Аристрах Ромашин)


Мекениңдин абасы да башкача, жердин жыты да өзгөчө.

(Нацумо Сосэки)


Булуттардын мекени болбойт, алар кайда сызып баратышкандарын өздөрү да билишпейт.

(Петр Квятковский)


Жолдоштор, мекен жөнүндө ойлонгула, ошондо кайратыңардан жазбайсыңар. 

(Генерал Дмитрий Карбышевдин өлөр алдында айткан сөзү)


Туулган жер – алтын бешик.

(Казак накылы)


Үйүңөн кетсең болот, бирок мекениңден кете албайсың.

(Азербайжан накылы)


Мекени үчүн жашап, мекени үчүн өлө алган киши кандай бактылуу!

(Жюль Верн)


Мекенден алыста жүргөндө мекендештериңдин баары тааныш болуп туюлат.

(Мишель Ричмонд)


Мекенге кызмат кылыш үчүн погондун кереги жок.

(Петр Квятковский)


Эгер ит айды карап үрсө, бул – дин, а эгер ал чоочун кишини көрүп үрсө, бул – патриотизм.

(Девид Старр Джордан)


Бөтөн кубанычтан өзүмдүн кайгым артык.

(Орус накылы)


“Мекен” деген сөздүн чыныгы маанисин чалгынчы гана түшүнөт.

(Петр Квятковский)


Ата журттун түтүнү чоочун жердин отуна караганда жарык сезилет.

(Лукиан Самостаткий)


Жандүйнөсү жарды киши гана мекенине кыянаттык кылат.

(Николай Чернышевский)


Жаман болсо бир тууганыңды сүйбөй койсоң болот, бирок мекениң кандай болсо да аны сүйбөй коё албайсың.

(Виссарион Белинский)


Мекенин таштап кеткендерди бөтөн жердегилер сыйлабайт, мекениндегилер болсо аны өгөйлөйт.

(Эзоп)


Кооз жерлер бардык эле өлкөдө бар. Бирок, жүрөккө жакын жерлер мекениңде гана болот.

(Ирма Каулиня)


Биринчи орунда Ата мекениң менен ата-энең, анан балдарың менен үй-бүлөң, андан кийин гана башка туугандарың турушу керек.

(Цицерон)


Бөтөн жерде мусапыр болгондон өткөн кордук жок.

(Гомер)


Мекениңе каршы күрөшүп, баатыр боло албайсың.

(Виктор Гюго)


Мамат Сабыров 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер