Акыркы кабарлар
21:02
» Кеменгер кеп » Бодо Шефердин акча табуу жана сарптоо боюнча кеңештери
Бодо Шефердин акча табуу жана сарптоо боюнча кеңештери
23-март, 20:59

Байлык – бул сиз тапкан акча эмес, сактап калган акча.
Бактылуулукка жетүүнүн эки жолу бар: 1) керектөөлөрдү азайтуу, 2) мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү. Акылдуу адам экөөнү тең кылат.
Акча ага даяр болгондордо гана калат.
Аракет кылып көрүү жетишсиз – иш жүзүндө жасоо керек.
“Жасап көрөйүн” деген адам ийгиликсиздикке даяр. Акырында эч нерсеге жетише албайт. “Жасап көрүү” – бул башынан эле ийгиликке жетпей калганга шылтоо издөө.
Өзүнө ишенбеген адам эң алсыз, эч нерсеге ээ болбойт жана татыксыз жашоо кечирет.
Бодо Шефер – убакытты башкаруу, каржыны тескөө боюнча дүйнөдөгү эң мыкты практиктердин бири.
"Азия Ньюс" гезити