Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мите курттарды зыяны, кесепети эмнеге алып барат?

Мите курттарды зыяны, кесепети эмнеге алып барат?

23-апрель, 16:19
3 434 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мите курт оорулары гельминттерден пайда болуучу оору. 

Кыргызстанда статистика боюнча ар бир 5-чи адам бул оору менен оорушат. Мите курттарды жугузган адам, өзү сезбесе да, анын ден соолугу акырындык менен билинбестен начарлай берет.

Мите курттар биздин организмди тамак катары пайдаланып гана тим болбостон, жашоо жана көбөйүү үчүн жагымдуу чөйрө катары да пайдаланышат. Алар биздин ичибизден «жеп», талкалап жана денебизди уулантат. Мите курттар организмди алсыратат, ошондуктан биз тез-тез жана көп ооруйбуз. Мите курттарды жугузган адамдардын дене боюнун өсүшү басандайт, анткени организмге кирген тамак аш заттарынын жарымынан көбү бул мите курттарды багууга жана көбөйүүгө сарпталат. Мите курттар алергиялык фонду жаратат. 

Мите курттарды кантип жуктуруп алууга болот?

Адамдар мите курттарды көбүнчө жеке гигиенасын сактабаганда: ойногондон кийин, мектептен, көчөдөн келгенден кийин, даарат канадан чыккандан соң жана тамактануунун алдында колдорун жуубаган учурда жуктуруп алышат. Иттен жана мышыктан да эхинококкоз жана токсакороз сыяктуу гелминтоздорду жуктурууга болот. Ит жана мышык менен ойногондон кийин колду жууш керек. Таза жуулбаган жашылча мөмө жемиштерди жегенде да жуктуруп алууга болот.

Мите курт ооруларынын белгилери

Ич өтүү же ич катуу сыяктуу ичеги карындын иштешинин  бузулушу, бүдүр, кычыткы, тактар пайда болушу. Жөтөл пайда болуп, денеси ысып, башы ооруп, алсызданып, табити жоголуп, ичи оорушу мүмкүн. Нерв системасы бузулушу мүмкүн: кыжырдануу, туталануу, көңүл буруусунун жана эс тутумунун начарлашы, тарамышы тырышуу жана эс учун жоготуу кездешет. Жогоруда аталган белгилер пайда болгон учурларда дарыгерге кайрылуу зарыл.


“Барометр”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер