Аял үйдө – карга, конокто – зымырык куш, сүйгөнүнүн жанында – үлбүрөгөн көгүчкөн


Аялдар кээде турмуштун кыйынчылыгына туруштук бериш үчүн жезкемпир болууга туура келет.
(Стивенг Кинг)
Эгер аял күйөөсүнүн көзүнө чөп салган болсо, анын акыл-эстүү себептерин издөөнүн кажети жок: кеп акыл-эсте эмес, сезимде.
(Коко Шанель)
Атырды жаман көргөн аял болбойт. Өзүнүн атырын таба элек аялдар гана болот.
(Мэрилин Монро)
Албетте, биз, эркектер аялдар биздин жашообуздун көркү болушун каалайбыз. Бирок, аялдар биздин жашообуздун көркү болор-болбосу бизге байланыштуу.
(Владимир Путин)
Аялдар турмушка чыкмайынча келечегинен сарсанаа болот. Эркектер үйлөнмөйүнчө эртеңки күнүнөн сарсанаа болбойт.
(Коко Шанель)
Сулуулук аялдар үчүн эки учурда гана көйгөй жаратышы мүмкүн: сулуу эмес болсо жана сулуулуктан башка эчтекеси болбосо.
(Моника Беллуччи)
Аялдын жазмышы – бийлик жүргүзүү, эркектин жазмышы – башкаруу. Анткени, бийликти сезим жүргүзөт, башкаруу үчүн болсо акыл керек.
(Иммануил Кант)
Эркектер табиятынан бири-бирине кайдыгер, аялдар болсо табиятынан бири-бирине душман.
(Артур Шопенгауэр)
Аял эркекти алсыздантпай, жумшартууга тийиш.
(Зигмунд Фрейд)
Эркектин баары окшош. Өңдөрү болсо аялдар аларды ажырата билсин үчүн гана ар кандай кылып жаратылган.
(Мэрилин Монро)
Аялдын сүйүүсүнөн эркектин жек көрүүсүнө караганда да көбүрөөк коркуш керек. Аялдын сүйүүсү – жагымдуу болуп сезилген уу.
(Сократ)
Көз жаш – аялдын куралы.
(Уильям Шекспир)
Начар кийинсе, аялдын кийимин эстеп калышат, саркеч кийинсе, аялдын өзүн эстеп калышат.
(Коко Шанель)
Аял менен эркек достошсо, анда алар же мурда ойнош болушкан же эми ойнош болушат.
(Джордж Бернард Шоу)
Аялды жеңүү мүмкүн эмес. Эгер сен башыңа балээ үйгүң келбесе, аялды жеңем деп аракет кылбай эле кой.
(Уильям Фолкнер)
Тозокто аялдарга жардам бербеген аялдар үчүн атайын жай бар.
(Мадлен Олбрайт)
Эгер эркек аялды жеңдим деп ойлосо, демек, ал эки жүрүш мурда эле утулганын сезбей калган келесоо экен.
(Гари Олдмен)
Биз, аялдардын колунан келбеген иш жок.
(Мишель Обама)
Эң жакшы аялдар эң көп кыйынчылык тартат.
(Колин Маккалоу)
Он эркек аялга тизелеп келет, аял болсо башка жакты карап турган он биринчи эркекти тандайт.
(Михаил Веллер)
Аял гүлдөй кулпурушу үчүн эркектин суктануусу зарыл.
(Фредерик Бегбедер)
Аялдын мансап мыйзамы: 1) эркек сыяктуу ойлон; 2) өзүңдү ледидей алып жүр; 3) аттай иште.
(Артур Блох)
Аял дегеле кетпечүдөй болуп сүйүшү мүмкүн. Бирок, бир күнү дегеле сүйбөгөндөй болуп кетип калышы мүмкүн.
(Моника Беллуччи)
Сулуу аялдын кемчилиги болбойт.
(Фридрих Шиллер)
Чочкого алтын шакектен пайда болбогон сыяктуу акылы жок аялга деле сулуулуктан пайда жок.
(Сулайман падыша)
Картаң күйөөгө тийген жаш келиндер күйөөсү тирүү кезинде эле “кийинким ким болот?” деп ойлоно башташат.
(К.Гольдони)
Үйлөнгөн эркек – күңдүн кулу.
(Э.Абу)
Жакшы аял турмушка чыкканда күйөөсүнө бакыт алып келет, жаман аял күйөөсүнөн бакыт күтөт.
(В.О.Ключевский)
Аялга “сенден башка эч кимди сүйбөйм” деп убада берерден мурда аялдардын баарын көрүп чыгыш керек, же андан башка эч кимди көрбөш керек.
(Пьер Буаст)
Эгер Кудай аялды эркектин кожоюну кылгысы келсе, анда аны баштан жаратмак, эгер кул кылгысы келсе, буттан жаратмак. Бирок, эркекке жаншерик кылгысы келген үчүн аны кабыргадан жаратты.
(Блаженный Августин)
Эгер аял сага далысын салса, анда далысын макта. Ошондо ал сени менен кайра элдешет.
(Ю.Штетенгейм)
Аял үйдө – карга, конокто – зымырык куш, сүйгөнүнүн жанында – үлбүрөгөн көгүчкөн.
(К.Вебер)
Аялды караган эркекке шайтан түстүү көз айнек тага коёт.
(Б.Прус)
Аялдар былжырак сөздү кечирет, бирок чындык сөздү кечире албайт.
(Андре Моруа)
Күйөөсү жок аял сулуу болсо да куник.
(Хитопадеша)
Өбүшүүнү жок дегенде бир мүнөткө аялдардын жаагын басыш үчүн эркектер ойлоп табышкан.
(Ж. де Фалкенаре)
Жөнөкөй аялдын акылы бир тооктун, өзгөчө аялдын акылы эки тооктун акылынчалык.
(Конфуций)
Жыландар да аялдарга окшош: канчалык картаң болсо, ошончолук коопсуз, канчалык жаш, сулуу болсо, уусу да ошончолук кооптуу.
(А.Брем)











