Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » 2025-жылы жашыл жыгач жылан жылы болот

2025-жылы жашыл жыгач жылан жылы болот

30-декабрь, 12:00
1 390 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жылан тууралуу мүнөздөмө

Жылан – таңкалычтуу жандык. Чыгыш маданиятында ага акыл, даанышмандык, амалкөйлүк, алдын көрө билүү жана берилгендик сыяктуу жакшы сапаттар таандык. Жомоктордо ал маселелерди чечүүгө жардам берет, татаал кырдаалдарда колдоо көрсөтөт жана туура жолду көрсөтөт. Анын ийилчээктиги менен курч кырдаалдардан качуу жөндөмү дагы оң сапат эмеспи.

Жашыл түс ийкемдүүлүктү жана ыңгайлуулукту билдиргендиктен, Жылан жылында чоң көңүл калуулар күтүлбөйт. Анүстүнө жашыл түс – тынчтык, өсүү жана гармониянын символу.

Үйгө ийгилик тартуулайбыз

Жыландын каалоолорун эске алып, алгач өткөн жылдардын символдорун көзгө көрүнгөн жерлерден алып салуу керек. Үйдү гүлдөр менен кооздоо жакшы идея болот. Бонсай же тропикалык өсүмдүктөрдү тандоо сунушталат. Декоративдүү фонтандар жана чыгыш стилиндеги кооздолуулар дагы ылайыктуу.

Жыланга “байлык” даярдап, мисалы, кытай тыйындарын же металл тыйындарды чогултуп койсоңуз болот. Ошондой эле анын сүрөтүн же статуэткаларын үйдүн ар кайсы бурчтарына коюу жакшы жышаан болуп эсептелет.

Жылан жылын кантип майрамдайбыз?

Жыланды тынч жерде, бирок достор менен чогуу тосуу сунушталат. Үйдө, кафеде же ресторанда жылуу, достук маанайда белгилесеңиз болот.

Кечеге кандай кийинип баруу керек?

Модельерлер бул жылды стилинен улам өзгөчө деп аташат. Изумруд жана чөп түстөрүндөгү кийимдер ылайыктуу болот. Эркектерге болсо боз костюмдар жарашат.

Үйдү туура кооздоо зарыл

Үйдө уюткулуу жана тынч атмосфера жаратууга аракет кылыңыз. Жаратылыш таштарын кооздук катары колдонсоңуз, өзгөчө стиль түзүлөт.

Майрамдык дасторкон

Дасторконду боз жана жашыл түстөр менен жасалгалоо сунушталат. Тамак-ашка жашылча салаттары, дан азыктарын, тоок же чочконун этин киргизүү ылайыктуу.

2025-жылдан эмне күтсө болот?

Жылан өзгөрүүлөрдүн жана сыноолордун жылы болушу мүмкүн. Айрыкча жылдын биринчи жана үчүнчү кварталдарында сак болуу сунушталат. Калган убакта турмуштун сонун жактарынан ырахат ала берсеңиз болот.

2025-жылга байланыштуу ишенимдер

Жылан максатка жетүү үчүн кайраттуулук менен аракет кылат. Бул жылы никеге турууга жана балалуу болууга, жаңы үйгө көчүүгө же жумуш алмаштырууга жакшы учур болуп саналат. Бирок конфликттерден качуу керек.

Кандай жылан жылдары бар?

-- жыгач жылан;

-- өрт жыланы;

-- жер жылан;

-- металл жылан;

-- суу жыланы.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер