Аялды аздектеш керек, же таштап сал...
Эрих Мария Ремарк эң көп окулган немец жазуучусу. Ал “жок болгон муундар” жазуучуларынын катарына кирет. Жазуучу өз эмгектери тууралуу көп айта берген эмес жана анын китептери өзү жөнүндө сүйлөп берген.
Төмөндө анын цитаталары:
Бакыт тууралуу беш мүнөттөн ашык айта албайсың. Бул жерде сенин бактылуу экениңен башка айта турган сөз деле жок. Ал эми бактысыздык тууралуу адамдар күнү-түнү айта беришет.
***
Духуң түшүп турганда, мага, ооруканага кел. Рак оорулуулар бөлүмүн бир кыдырып чыксаң, алеки заматта бук болуу ооруң айыгат.
***
Колуңа тийбей жаткан нерсе – дайым колуңда бар нерседен жакшы көрүнөт. Ушундай нерселер адамдын романтикасы менен келесоолугунун негизин түзөт.
***
Эч качан чоң кулач менен баштаган ишиңди майдалап жибербе.
***
Менин оюмча, аял күйөөсүнө “сүйөм” деп айтпаш керек. Ал тууралуу анын бактылуу, жаркыраган көздөрү айтышы шарт. Алар көп сөзгө караганда чечен болушат.
***
Аялды аздектеш керек, же таштап сал... Башкасынын баары калп.
***
Эң чоң жек көрүү – жүрөгүнөн орун таап, анан жандүйнөсүнө түкүрүп салган адамга пайда болот.
***
Эң күчтүү сезим – көңүл калуу. Таарыныч эмес, кызганыч эмес, жек көрүү дагы эмес... Булардан кийин жандүйнөңдө жок дегенде бир нерсе калат – көңүл калгандан кийинки боштук.
***
Адамды эч жерде эч нерсе күтпөйт. Дайым баарын өзүң ала келишиң керек.
"Азия Ньюс" гезити