Молдонун экинчи аялымын. Биринчи никесин кантип бузсам?..

Бойдок жүрчүмүн. Бир күнү кичинекей кызым ооруп калып, мечитке эмдеткени бардым. Молдо беш күн келе турганымды айтты. Ошентип, барып жүрдүм. Асан молдо мени жакшы кабыл алып, кеп-кеңештерин бөлүшүп, өзүнө кантип жакын кылып алганын сезбей калыптырмын. Бара-бара жолугушуп, аны жактырып, бойдок жүргөнчү токол болууга көндүм да. Эки бөлмөлүү квартирага чыгарып койду. Никебизди кыйып, жашай баштадык. Ал жумасына бир-эки жолу түнкүсүн түнөйт. Калган учурларда күндүз түштөнүүгө келип турат. Тамакты даамдуу жасаганым да жакты го. Экөөбүз ысык болуп кеттик. Сакалы менен эркелетип, жакшы көңүл бурат. Төрөгүм келе баштады... Эми биринчи никесинен кантип ажыратууну ойлоп, кыйнала берем. Анысы урушчаак экен, үч баласы бар үчүн жашап жүргөндөй. Кандай кылсам? Кеңеш бересиңерби?..
Калбү, 27 жашта
Aryba.kg