Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Анжелика айткан сөзүнөн танабы? Жигити бар экенине неге чычалайт?

Анжелика айткан сөзүнөн танабы? Жигити бар экенине неге чычалайт?

11-ноябрь, 11:46
1 125 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Элди эриктирбей ар бир кыймыл-аракетин, сүрөттөрү менен Инстаграмм баракчасына жүктөп, улам бир жигит менен кучакташып, “бул баланча ырчы, баланча чыгармачыл инсан” деп жазып, кайра элдин сынына кабылган ырчы Анжелика Кайратова журналисттерге нааразычылыгын билдирди.

Анын айтымында кайсы бир гезит аны сындап, ал тууралуу бурмалап жазган имиш.

«Жигитим деп айткан эмесмин. Жүрөгүм бош эмес экени туура. Бирок, жигит жандап жүрө турган куракта эмесмин. Менин уруксатымсыз мен жөнүндө калп маалымат таратканы токтоткула», — дейт Анжелика Инстаграмм баракчасына.

Анжелика өзү учурда кыздары менен Мальдива аралында эс алып жүргөнүн да Инстаграмм баракчасына жазып чыккан.

“Элдин сынына кабылгысы келбесе анда ар бир кадамын Инстаграмм баракчасына жазууну токтотсун” дегендер да болду.

"Кайсыл жигиттен кандай белек алганын, кандай гүл алганынан бери жазган Анжелика эми сынга да чыдашы керек эле, же өзү тууралуу маалымат таратпашы керек эле" деп да жазышты.

Эскерте кетсек, мындан эки жыл мурун Анжелика Кайратова күйөөсү менен ажырашканы да коомчулукта бир топ талкуу жараткан.

Aryba.kg




Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер