Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Кош бойлуу боло албай, жолдошумду да кыйнап жүрөм...
Кош бойлуу боло албай, жолдошумду да кыйнап жүрөм...
12-июнь, 09:00


Эч кимди бала жытына зар кылбасын. Турмушка чыкканыма жакында 4 жыл болот. Кош бойлуу боло албай, ушунчалык сыгылып, санаага батып жүрөм. Жолдошум жакшы, аны да кыйнадым, жоготкум келбейт. Кайын журтум тараптан да “төрөбөйсүң, андай-мындай” деген сөздөр айтылбайт. Төрт жылдан бери сыртымдан билдирбеген менен жандүйнөм ооруп, кыйналып кеттим. “Баланчанын келини төрөптүр”, “тиги неберелүү болуптур” десе, өзүмдү коёрго жер таппай калам. Күндүзү эл менен аралашып анча билинбейт, кечинде ыйлай берип көз жашым калбады.
Кыздар, турмушка чыгарда бир сыйра дарыгерге көрүнүп, баары жакшы болсо анан турмушка чыккыла. Жашоодо эң жаманы бала күтүү экен...
Айгерим
"Азия Ньюс" гезити











