Тамчылар сапсары жалбырактарды ансайын жерге ийип, мөлтүрөшөт...
...Сырттан алгач Ровельдин “Болеросу” угулду. Уйкулуу көзүмдү ачсам, таң ата элек. “Болерону” “Караван” улады. Андан кийин түз эле африкалык ритмдеги доош кетти. Телефондун сааты али алты да боло электигин көрсөтүп туруптур. Сырттагы добулбастын үнү катуулап баратканынан парданы ачсам, жаан! “Салам!” деди жаан тереземдин темир текчелерин ургулаганын токтотпой. “Өзүңө да салам! Не тополоң таң атпай?”. “Сонун музыка менен ойготоюн дегем да. Терезеңдин текчеси темир экен, тимеле укмуш болуп келишип калбадыбы абаздар”.
“Мдаа... Таң атпай уйку бербей ойготконуңдун себеби бар тура! Кош келдиң! Бирок сагындырып күттүрдүң да...”. Жаан андан ары түшүнүксүз бирдемелерди божурады. Тамчылар күч алып, ачык турган форточкадан жүзүмө чачырап, жууй баштады. Тамчылар жалбыз жыттанып жатты... Аңгыча шамал терезе түбүндөгү дарактын төрт-беш жалбырагын учуруп кетти.
“Кетейин” деди жаан, -- мени башкалар да күтүп атышат” деди да, катар терезелердин текчелерин дыбыраткан боюнча сапарын улады. “Жакшы бар! Көпкө жоголбочу!”. Жаандын артынан тамчылар гана көрүнүп атты. Терезенин сыртында октябрь. Жаан тамчылары сапсары жалбырактарды ансайын жерге ийип, мөлтүрөшөт. Ичиркенткен күзгү салкын желден чыйрыга түшүп, ысык кофени эңседим. Кофе коёюнчу...
Марал
"Азия Ньюс" гезити