Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Күйөөм нике шакек тагынбай калды, башка сүйгөнү барбы?

Күйөөм нике шакек тагынбай калды, башка сүйгөнү барбы?

08-октябрь, 18:11
950 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Күйөөм динге бекем адам. Үйлөнөрүбүздө нике кыйдырууну өзү талап кылып, алгачкы жылдары нике шакегин эч качан чечпей жүрчү. Жумушу оор болсо да, үйдө уруш-талаш тутанса да, шакеги дайыма манжасында эле.

А мен башынан эле шакекке көнө албай койдум. Үйдө тамак жасап, идиш жууганда да, жумушта кагаз иштерин кылганда да шакек мага жолтоо. Эшиктин туткасын кармаганга чейин ыңгайсыз сезилет. Жадагалса шакектин өлчөмүн да туура тандабаптырмын. «Кийин салмак кошосуң, манжалар толот, бир аз чоңураак ал» деген туугандардын сөзүн укпай, так өлчөмдө алдым. Чын эле башында эле шакек араң батчу. Төрөгөн соң манжаларым толуп, таптакыр кийилгис болуп калды. Ювелирлер чоңойтуп бере турганын билсем да, ага барууга ниетим, убактым да жок эле.

Илгери башкалардын колунда жаркыраган нике шакектерди көрүп, «бактылуу, баркталган аял» деп суктанчумун. А өзүм болсо акырында андан качып калдым. Күйөөмө «шакекти унутуп калыптырмын» деп айтып, ичимен болсо аны такпаганыма кубанып жүрдүм. Күйөөм башында менин мындай мамилеме таарынды. 

Кийин биздин мамилебизде оор мезгил башталды: уруш көп, көңүлдөр сууп… Мен да, ал дагы шакекти таптакыр тагынбай калдык. Ал учурда мага баары бир болуп, ажырашуу тууралуу да ойлонгом. Бирок ал мезгил артта калды. Азыр урушпайбыз, а күйөөм шакегин мурдагыдай тагынбайт. «Кол менен көп иштейм, манжамда жара бар, кийип-чечүү ыңгайсыз» деп актанат.

Мен бир нече жолу нааразыланып, өзүм да шакегимди кайра тагып көрдүм. Бирок андан майнап чыккан жок. Акырында бул теманы таптакыр козгобой калдым. Ошентсе да ичимден тынчсызданам. Кээ бир эркектер башка аялга барганда дал ушинтип шакегин чечип коюшат эмеспи. Же болбосо, мен өзүм жылдар бою шакекти такпай жүргөнүм үчүн дагы деле таарынып жүрөбү? Ал менин шакек тагып жүргөндө өзүмдү жаман сезеримди билет, бирок бул шылтоо эле сыяктуу.


Дилбара 

  "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер