Атамдын кызганчаактыгы жаныбызга батты


Мен 27 жаштамын. Турмуш куруп, кайнене-кайнатам менен чогуу жашайм. Бирок жүрөгүмдүн түпкүрүндө бир чоң оор жүк бар. Ал менин ата-энемдин тагдырына байланыштуу. Кичинекей кезимде атам ичимдикке берилген адам эле. Ичип алып бизди урушуп, апамды себепсиз кызганып, кол көтөрүп, көзүн көгөрткөн учурлары көп болчу. Ошондо биз балдар болгондуктан баарын толук түшүнчү эмеспиз, бирок апамдын көз жашын көрүп ичибиз тызылдачу.
Кийин атам арагын таштап, намазга жыгылды. Биз кубанып, “эми баары өзгөрөт окшойт” дедик. Бирок кызганыч деген илдет аны коё бербеди. Апамды дайым шектенүү менен карап, жаман сөздөрдү айтып, тынчын алчу. Кээде мага апам телефон чалып, "атаң баягы арам оюн кайра баштады" деп ыйлап айтып берчү.
Акыркы эки жылдан бери абал ого бетер оорлоп кетти. Атам апамдан улам шекшип, ар кандай сөздөр менен кемсинтип, уруш-талаш күчөдү. Кечээ апама чалсам, үнү каргылданып ыйлап жиберди: “Тажадым, жашагым келбей калды. Атаң ар бир кадамымдан шек санап кыйнайт” дейт. Жадагалса өзүнүн бир тууган иниси, биздин таякебизден да шек санайт. Бул эмне деген шумдук?!
Азыр апамдын жалгыз ой-максаты инимдин тагдыры. Ал быйыл 11-классты бүтүшү керек. Инимдин окуусуна, келечегине зыяны тийбесин, ал мектепти бүтсө шаарга көчүп кетем деп өзүн-өзү сооротуп жүрөт. Апамдын ар бир сөзү жүрөктү тилип өткөнү менен, ошентсе да ал бизди ойлоп чыдап жүргөнүнө таңгалам, бир чети кооптоном.
Нурида
"Азия Ньюс" гезити











