Боюнда бар жаш келиндин арзуусуна кабылдым...
Индиянын киносундагы актрисадай сулуу да. Алгач суктанып гана койгом, бөрсөйгөн курсагы менен өтө көркөмдүү көрүнгөн. Мен болсо арактын айынан тамагыма суук тийгизип алып, поликлиникадан укол алганы барып, анан таанышып калып атпайбызбы...
Көзгө тике караган, суйкайган келин экен. Тыкан. Аурасы бар. Ажайып азгырыктуу.
--Атыңыз ким?-дедим.
--Бегай.
--Кыян Сары.
--Кандай?-деп күлдү.
--Кыян…
--Кызык экенсиз…
Ортодо жылмаюулар. Жакшы маанайда тааныштык. Уколумду алдым. Жөнөдүм. Сырттагы магазинге да кирдим. Шашпай чылым чегип, машинамды жүргүзүп атсам, Бегай да жолго чыгып калыптыр. Мени карап калды. Дароо токтодум.
--Түшүп алыңыз?-дедим.
--Сиз кайда барасыз?
--Бара беребиз...
Ошентип, жөнөдүк. Жанымда ууртунда уячасы бар, уялыңкы жаш келин отурат. Экөөбүз жолдо ката жакшы пикир алыштык. Бегай ажырашып кетиптир. Жети айлык боюнда бар. Өзү жыйырмадан жаңы ашкан. Энеси экөө турат экен. Асанбай кичирайонуна таштап койдум...
Эртеси да жумуштан кийин уколго бардым. Бул саам экөөбүз көптөн берки тааныштардай учурашып, учкай болсо да жакшы баарлашып алдык. Мен чыгып баратып:
--Сизди жеткизип коеюн...-дедим.
--Жарым саатта чыгам. Күттүрүп коем го?
--Күтөм. Кой кайтарып аттым беле?-дедим.
Жашоо кызыктуу боло баштады эй. Бегай кечээгиден да жасанып, жакшы кийинип келиптир. Ачылып алган. Мен анын көңүлүндөгү сөздөрдү терип сүйлөп, маанайын ачууга жандалбастап бараттым. Бат эле үйүнө келип калдык. Ал шашкан деле жок. Экөөбүз машинада бир сааттай баарлашып, тереңден тааныштык. Күйөөсү менен ажырашканына беш айдан ашыптыр. Анысы Россияга кетип, ошол жакта өлүү-тирүүсү белгисиз экен. Кыскасы, баарына чекит коюлуптур. Жол ачык. Бегай мага ишенимдүү көз караштары менен тигилсе, ичим элжирейт да. Бир маалда:
--Эртең апам конокко бармак. Кечинде үйдөн чай ичип кетиңиз?-деди күтүүсүздөн.
--Ой, жакшы болот,-дедим, -Анда уколду үйдөн эле сайдырып алайын.
--Макул.
Экөөбүз коштошуу алдында туруп, мен Бегайдын ууртунан сүйдүм. Кулагынан, алкымынан өптүм. Ал магдырап, көзүн жумат да... Сүт толо баштаган эмчектеринен кармалап, курсагынан сыладым... Каалоосу күч болуп турганын байкадым. Бети кызарып кетти.
--Байке, жакшы барыңыз э?-деди шашып.
Коштоштук. Үйгө жөнөдүм. “Эмнеге баары тез болуп баратат?” деп күбүрөндүм... Он жети жылдан бери рулда келатам, мына азыркы ирмемдегидей кан жолдо бактылуу боло машина айдабаптырмын. Кыялданып, көөдөнүм алып-учуп, удургуган чоочун сезимди энчилей баратканыма шердендим... Атаңгөрү, эртең Бегайдын үйүнө ак илбирстей шып эте кирип барам го. Кудай буюрса...
(Уландысы бар)
Кыян Сары
Aryba.kg