Каныбек Осмоналиев: “Россия президенти согуш конфликттери боюнча кызыктуу баяндама жасады”
-- Кошуна өлкөлөрдүн президенттери өлкөбүздө болуп кайтышты. Кандай өзгөчөлөнгөн жаңы көз караштарды, мамилелерди байкадыңыз?
-- Жакында эле Бишкекте болуп өткөн Евразиялык Экономикалык Кеңештин (ЕАЭК) жогорку отуруму ири окуя. Бул биримдикке кирген өлкөлөрдүн лидерлери демейден башкача форматта, башкача айтканда, протоколдук иш-чаралардан сырткары эки-экиден болуп баарлашууну кеңири колдонушту. Буга себеп катары бир нече жагдайларды белгилөөгө болот. Азыркы учурда бүт дүйнө жүзүн ташкын суудай каптаган финансылык жана экономикалык турбуленттик кризистер. Андан соң эки жыл мурда башталган пандемиянын азабы. Россия–Украина–НАТО согушунун кесепетинен улам келип чыккан Батыштын экономикалык санкциялары, ж.б. катаклизмдер. Лидерлер экономикалык тең салмактуулукка жана туруктуулукка өзгөчө көңүл бурушту. Баарынан кызыгы, мурда биз белгилеп айтып жүргөндөй, ЕАЭК, ШОС жана БРИКС бирикмелеринин бир өңчөй кызматташтык аракеттеринин күчөшү байкалды. Бул эң туура! Анын ичинен Евразиялык беш өлкөнүн кызыкчылыктарына приоритет берилди. Мага жакканы – өнөр жай жаатындагы кызматташтыкка көп көңүл бурулду. Биз муну көптөн бери күтүп келгенбиз. Андан ары ЕАЭКтин технологиялык көз карандысыздыгы жөнүндө сүйлөшүүлөр орун алды. Акыр аягында Россиянын президенти Владимир Путиндин акыркы согуш конфликттери жана жалпы эле алардын тышкы жана ички саясаттарынын багыттары боюнча берген конференциясы абдан кызыктуу болду. Менимче, ЕАЭК өз жолун таап алып, мындан ары эл аралык айдыңда чечкиндүү жана таасирдүү оюнчуга айлана баштаганынан кабар берип турат!
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити