Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» Унаа алууга чыгып, жолдо каза болгон жубайлар жерге берилет

Унаа алууга чыгып, жолдо каза болгон жубайлар жерге берилет

15-январь, 13:41
680 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жол кырсыкта каза болгон жетиөгүздүк жубайлар 15-январда жерге берилди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Кызыл-Суу айылынын тургундары билдиришкен. 

Алардын айтымында, аталган жубайлар Бишкекке жаңы унаа сатып алуу үчүн барган. Үй-бүлө башчысы айылдагы активдүү жаштардын бири болчу. Ал эми жубайы аскер комиссариатында эмгектенген. Алардын артында эки баласы калды. Жубайлар Кызыл-Суу айылында жерге берилет.

Кырсык 14-январда саат 13:00 чамасында катталган. Ысык-Көл тарапка бараткан «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып, бет маӊдай келе жаткан дагы бир «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Анын кесепетинен 2 адам каза болуп, 1 киши жабыркаган.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер